КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ БИЗНЕС ФОРУМУ: ИШ ИЛГЕРИ!

“Кыргызстан менен Түркия  эки өлкөнүн  ортосундагы  товар жүгүртүүнүн  көлөмүн 1 млрд. долларга жеткирүүнү көздөөдө”. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 3-июнунда Түркияга жасаган иш сапары учурунда билдирди. “Биз бул көрсөткүчкө 2015-жылы жетебиз деп айта албайм, бирок жакынкы жылдары ушул цифрага жетүүнү максат кылып атабыз. Ошондуктан жакшылап иштешибиз керек”, - деди Президент.

20-июнда №1 “Ала-Арча” Мамлекеттик Резиденциясында ДОСИАД, “Топкапы” топторунун жана “АЮ Групп” холдингинин биргелешкен уюштуруусунда кыргыз-түрк экономикалык бизнес-форуму өтүп жаткан маал. Бизнес форумдун максаты – кыргыз--түрк ири компанияларынын таанышуусуна жалпы платформа түзүү, тажрыйба алмашуу жана байланышты өнүктүрүү, эки тарапка тең пайдалуу биргелешкен бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу жана Кыргызстанды узак мөөнөттүү, стратегиялык приоритет катары эсептегендер  менен жолугушуу. Кыргызстан, Түркия үчүн  да эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык өзгөчө мааниге ээ. Форумга  ар кыл чөйрөдөгү ишкерлер катышты. Буга окшогон жолугушуулар  соода-экономикалык кызматташтыкты стимулдаштыруучу жакшы каражат болуп берет.

Анда сөз алып сүйлөгөндөр алысты чапчыган бизнес – байланыштарды жандандырып, эки жакка тең пайдалуу программаларды ишке ашырып, узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууда ишенимге таянган өнөктөштүк кызматташтык чоң мааниге ээ экендигин белгилеп жатышат. Бул жагынан алганда, түрк жана кыргыз эли бири-бирин жакындан, тыгыз билүүгө мүмкүнчүлүк алган узак жолду басып өтүштү. Өткөнүбүздөгү бул тажрыйба биздин өлкөлөрдүн  экономикалык байланыштарын күчөтүп, кеңейтүүсүнө негиз болуп бериши зарыл. Форумдун катышуучулары ошондой эле бизнес коомчулуктарынын аракеттери менен мамлекет койгон жогорку максаттарга жетишүүгө боло турганын да айтышууда.

Мисалы, “АЮ Групп” холдинги түркиялык алкоголдук суусундуктарды чыгарган “Анталья Алкоголлу Ичежеклер” фирмасы жана этикеткаларды чыгарган “Туркуаз Матбаа” компаниясы менен келишимге кол койду. Мындан сырткары, биз пластик терезелерин чыгаруу, өзүбүздүн ишканалардын жабдыктарын модернизациялоо багытында иштерди жүргүзүп жатабыз. Планыбызда туризм, айыл чарбасы жана кызмат көрсөтүү багыттарында биргелешип бизнес жүргүзүү ойлорубуз да бар. Учурда “АЮ Групп” холдинги менен түрк өнөктөштөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 10 млн. АКШ долларды  жана 2 млн. еврону түзөт. Бул башталышы гана.

Буга окшогон иш-чараларды өткөрїү туруу  биргелешип иш жүргүзүүгө, диалогго келип, кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоого, жаңы өнөктөштөрдү табууга оң импульс гана берет.