Кыргызстан установил новый рекорд: приготовлена самая большая порция бешбармака.

«АЮ Холдинг» жана «КазГрейн» ун тартуучу компаниясы 2018-жылдын 11-мартында «АЮ Гранд Комфорт» соода борборунда болуп өткөн кыргыздын улуттук тамагы – бешбармактын эң көп көлөмдө жасалып, дүйнөлүк рекорд жасоо боюнча расмий аракетине арналган иш-чаранын негизги уюштуруучуларынын бири болду - http://ayuholding.kg/ru/event/news/get/62

Дүйнөнүн эң көп көлөмдөгү бешбармагын Кыргызстандын ашпозчулар ассоциациясынын 50 ашпозу жасашты, аны даярдоодо 1470 кг жылкынын эти жана 500 кг кесме колдонулду. Уюштуруучулардын ою боюнча 1000 кг сүйүктүү улуттук тамак даярдалып, 2015-жылы Казакстан койгон рекордду басып өтүү пландалган. Бирок GWR талаптарына ылайык жүргүзүлгөн даяр тамакты таразага тартуу учурунда бешбармактын жалпы салмагы  андан бир канча жогору - 1464 кг чыкты!

Тиешелүү документтерди жана файлдарды даярдоо дээрлик 2 айга созулду.

25-майда GWR офисинен жооп келди – Кыргызстан жаңы дүйнөлүк рекорд койду жана Гиннестин рекорддор китебине кирди! Сертфикаттын электрондук варианты «АЮ Холдинг» Юридикалык жактар бирикмесине жана «КазГрейн» Жоопкерчилиги чектелген коомунун атына жөнөтүлгөн.

Бешбармак үчүн «Алия» соода маркасынын унунан идеалдуу кесме даярдоо милдетин «КазГрейн» ун тартуучу компаниясынын технологдору жана ашпозчулары өздөрүнө алышты. Даярдоонун бардык процесси санитардык-эпидемиологиялык станциянын адистеринин көзөмөлү астында өттү.

Эт менен кесмени аралаштыруу үчүн «АЮ Курулуш» компаниясынын усталары жасалган көлөмдөгү тамакты батыра алчу сыйымдуу казан даярдашты. Аны даярдоодо дат баспачу атайын материалдар жана тамак-аш өндүрүшүнө ылайык болгон ширетүүнүн коопсуз ыкмалары колдонулду.

Иш-чарадан суроттор жана видео