«АЮ Холдинг» командасы Чолпон-Ата шаарында Run the Silk Road эл аралык марафонуна катышты

27 кызматкерден турган «АЮ Холдингдин» командасы Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда өткөн 7-эл аралык Run the Silk Road  марафонуна катышты. Холдинг катышуучуларынын катары алар тандаган дистанция сыяктуу эле улам көбөйүп турду. Марафон 19 өлкөнүн катышуучуларын камтып, спорт жана позитивдин нагыз майрамы болуп калды. «АЮ Холдинг» командасынын марафончуларын маркетинг жана тышкы бвйланыш боюнча вице-президенти Түлөбаев Балбак Зарлыкович жетектеди.