"АЮ Энерджи" кызмат көрсөтүү спектрин кеңейтүүдө

ТМ «АЮ Энерджи» (ОсОО Нур Ал Энерго) электр энергия жабдууларын өндүрүүчү өзбек заводу менен өз ара кызматташуу тууралуу Меморандум түздү. Кызматташуунун алкагында «АЮ Энерджи» BiExpo көргөзмөсүндө аталган заводдун продукциясын жана бардык көрсөтүүчү кызматтарын алып чыгышат. Көргөзмө Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өтүүдө.

Аянтчада бардык чыңалуудагы трансформаторлор, жогорку вольттуу вакуумдук өчүргүчтөр, электр энергиясын бөлүштүрүүчү уячалар жана башка жогорку жана төмөн вольттуу жабдуулар коюлган.

«АЮ Энерджи» - негизги ишмердүүлүгү электр энергиясын керектөөчүлөргө (абоненттерге) бөлүштүрүү жана электр жабдууларын монтаждоо жана оңдоо кызматтарын көрсөтүү болгон алдыңкы жеке энергокомпания. Азыркы учурда абоненттердин санынын өсүүсүнө жана мезгил-мезгили менен электр жабдууларын алмаштырып, жаңылап туруу муктаждыгына ээ болгон жаңы өндүрүштүк абоненттердин пайда болушуна байланыштуу «АЮ Энерджи» кызмат көрсөтүү спектрин кеңейтүүнү – жогорку вольттуу жабдууларды сатуу жана орнотууну пландап жатат.

Дарек: Бишкек ш., Ч.Валиханов көч,2

"Аю Гранд Комфорт" СБ, 3 каб, 301-кеңсе

Тел.: +996 312 447 245, +996 770 888 323