«АЮ Холдинг» өзбек компаниясы менен келишимге кол койдү

Үстүбүздөгү жылы кыргыз-өзбек дипломатиялык мамилелерине 25 жыл толду.

2017-жыл Кыргызстан менен Өзөекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүү тарыхында өзгөчө жемиштүү болду. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу Келишимге кол коюлду, айрым көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги чектөөлөр алынды. Ушул кыска убакыт ичинде эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү ортосунда жалпы 600 миллион АКШ долларынан ашуун суммада келишимдер, макулдашуулар, меморандумдар түзүлдү.

2018-жылдын 27-февралында Ташкент шаарында КРнын  Өзбекстан Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыковдун жардамы менен кезектеги бизнес-долбоор жүзөгө ашты: көп тармактуу «АЮ Холдинг» кыргыз компаниясы жана «Янги Тошкент Консерва» өзбек ишканасы айыл чарба азыктарын импорт-экспорт жасоо багытында 500 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү суммага келишим түзүштү. Кол коюуга «Янги Тошкент Консерва» ишканасынын директору Нигмат Алимджанов жана «АЮ Холдингдин» вице-президенти Балбак Түлөбаев катышышты.