Араб ишкери «АЮ – Курулуштун» жаңы долбоору болгон «Ski Paradise» коттедж шаарчасынан кыймылсыз мүлк сатып алды.

Белгилүү көп тармактуу «АЮ Холдинг» компаниясы «Каракол» тоо лыжа базасында жыл бою эс алуу үчүн жаңы долбоор - «Ski Paradise» заманбап мейманкана/коттедж шаарчасынын курулушун баштады. «АЮ Холдинг» - Караколдо батирлерди жана коттедждерди жеке тараптарга мүлк катары сунуш кылган эң алгачкы компания!

Учурда комплекс курулушу өз нугунда жүрүп жатат.

«Ski Paradise» коттедж шаарчасы альпы стилинде долбоорлонгон (бийик тоолуу өрөөндөргө ылайыкталган) 25 экологиялык таза жыгач шаледен турат. Ошондой эле шаарчага 10 таунхауста 200дөн ашуун батир жана люкс, жарым люкс, стандарт классындагы 70 номерлүү мейманкана да курулат. Шаарчанын долбоорунда толук кандуу эс алуу үчүн зарыл болгон ресторандар, бассейндер, муз аянтчасы, муз тебүү үчүн керек болгон жабдууларды ижарага берчү пункттар жана башка бир катар инфраструктуралык жайлар каралган. Келечек планда аркан жол курулушу да каралган.

Айта кетсек, аталган шаарчадан Ысык-Көлдүн жакынкы пляжына чейинки жол автоунаа менен 20 мүнөт гана убакытты алат.

«Ski Paradise» шаарчасынын жайлуу коттеджинин алгачкы сатып алуучучу да бар. Бириккен Араб Эмираттарындагы белгилүү «Agthia Group» компаниясынын вице-президенти Адель Али Аль Фахим жакында эле КРге болгон визити учурунда «Ski Paradise» шаарчасынын презентациясынан кийин аталган шаарчадан бир коттеджди учурда курулуп башталган маалынан сатып ала тургандыгын билдирди. Активдүү кыймылдагы жашоону тутунган жана дүйнөнүн тоо лыжа курортторунун дайымкы кардары Адель Али Аль Фахимди Караколдун жаратылышы абдан суктандырды, ал эми шаарчанын долбоору жана жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери биротоло сатып алуу керек экендигине ынандырды. Учурда аталган келишимдин юридикалык маселелери чечилүү үстүндө.

«Ski Paradise» шаарчасындагы батирлер жана коттедждер азыртадан сатыкта. Тажрыйбалуу архитекторлор менен биргеликте өзүңүз кыялданган үйүңүздүн долбоорун иштеп чыксаңыз болот.

https://www.facebook.com/skiparadisekg/   Тел.: +996 550 600 200