"Аю Холдингдин" чакыруусу менен Хабиб Нурмагомедов Бишкеке келет.

Аралаш күрөш боюнча орусиялык белгилүү балбан, UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов КР Улуттук олимпиада комитетинин президенти, Күрөш федерациясынын президенти, спорт меценаты жана «АЮ Холдинг» компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун чакыруусу менен Бишкекке келет.

Спортчунун визити 2018-жылдын 23-январына белгиленген.

Жакында, 2017-жылдын декабрында болуп өткөн жарышта Хабиб Нурмагомедов бразилиялык балбан Эдсон Барбоза менен күрөшкө чыгып, таза жеңишке жетишкен.

Учурда спортчу UFC жылдызы Тони Фергюсон менен 2018-жылдын жаз мезгилинде өтүүчү күрөшкө даярданып жатат. Ал эми Нурмагомедовдун UFC учурдагы чемпиону Конор Макгрегор менен күрөшү 2018-жылдын эң маанилүү спорт окуясы болмокчу.

Өтө тыгыз графиктеги машыгууларына карабай, спортчу Ш.Абдыкеримовдун таанышуу визити максатындагы чакыруусу менен Бишкекке келет.

Хабиб Нурмагомедов менен жолугушуу семинар-диалог форматында үстүбүздөгү жылдын 24-январында саат 11.00дө «АЮ Гранд Комфорт» соода борборунда кыргыз спортунун жылдыздары жана спорт коомчулугунун башка белгилүү өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Жолугушуу катышуучуларына кызыккан суроолорду берип, кумирден автограф алууга болот.