"Артезиан" жана Surge Trading Company катарлык компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлду

«Артезиан» суусун алыскы чет өлкөгө жеткирүү боюнча кезектеги келишимге кол коюлду. Кызматташуу тууралуу чечимди «Артезиан» (АЮ Холдинг) жана Surge Trading Company (Катар, Доха) кабыл алышты. Аталган макулдашуу суунун курамынын лобораторияларда бир нече жолу текшерилиши, азык өндүрүүчү менен катарлык компания өкүлдөрүнүнүн ортосунда тыгыз иш алып баруу жана жеткирүүнүн эң оатималдуу жолун иштеп чыгуу менен коштолду. «Артезиан» суусунун алгачкы партиясы Доха шаарына ушул айдын аягына чейин жөнөтүлөт. Белгилей кетчү маселе, «АЮ Холдинг» - Катар менен келишим түзгөн эң алгачкы атамекендик ишкана.

Өндүргөн продукциясын экспортко чыгаруу үчүн компания Sidel, Dilmac, Gernep сыяктуу баасы 3,7 миллион евро турган заманбап европалык жабдууларын сатып алды. Бул өз кезегинде ички жана тышкы рынок үчүн бөтөлкөгө куюлган сууну үзгүлтүксүз өндүрүүнү камсыз кылат.

Аталган долбоор КР Соода-өндүрүш палатасы, КР Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту алга жылдыруу боюнча мамлекеттик агенттиги, КР Экономика министрлиги жана КРнын Катардагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев башында турган элчиликтин активдүү жардамы менен ишке ашты.