«Аю Холдингдин» тышкы соода ишмердүүлүгү

«АЮ» компаниясы 2007-жылы биринчилерден болуп өз продукциясын АКШга экспорттогон. Америкалык тарап менен кызматташуу узак жылдарга созулду, компаниянын продукциясы бир катар штаттарда белгилүү болду. Ошондон ушул күнгө чейин «АЮ Холдингдин» экспорт жасоо боюнча иш-чаралары тынымсыз жүрүп келет. Ар кайсы жылдары компания өз продукцияларын Кытай, Вьетнам, Түркия ж.б. сыяктуу өлкөлөргө экспорттоп келди.

Жакында эле бөтөлкөгө куюлган ичүүчү сууну жеткирүү боюнча  Бириккен Араб Эмираттары жана Катар менен түзүлгөн келишимдер биздин өлкөнүн продукциясынын Перси булуңундагы өлкөлөрдүн ири супермаркеттеринде сатылып, аталган өлкөлөрдө активдүү таралышына мүмкүнчүлүк берет.

Кытай жана Тажикстан бул жылдар аралыгында белгилүү «Тан» суусундугунун ишенимдүү кардарлары болуп калышты.

«АЮ Холдингдин» бир катар азыктарын экспортоо багытында Өзбекстандын компаниялары менен активдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Холдингдин продукцияларын Азербайжандын жана Кавказ аймагындагы өлкөлөрдүн рыногуна жеткирүү максатында «АЮ Azer» кыргыз-азербайжандык биргелешкен компаниясын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«АЮ Холдинг» өлкө ИДП деңгээлин көтөрүүдө экспорттун ролу зор экенин түшүнүү менен тышкы соодага өзгөчө көңүл бурууну пландоодо.

.

 

http://www.alkhaleej.ae/economics/page/d141f047-8e2a-483d-b837-ebae07648ad9

http://www.albayan.ae/economy/local-market/2017-12-02-1.3118611

https://twitter.com/alfujairahdaily/status/933623350735360000