"АЮ" жана "КазГрейн" компанияларынын продукциялары "Жыл тандоосу 2017" фестивалынын жеңүүчүлөрү деп табылды

24-ноябрда «Жыл тандоосу 2017» жалпы улуттук конкурс-фестивалынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. «Супер-премиум №1 классындагы атамекендик өндүрүштөгү арак» номинациясында «АЮ» компаниясынын «Кыргыз Арагы» жеңүүчү аталды. «Алия» соода маркасында продукция өндүргөн  «Казгрейн» компаниясы «Кыргызстандагы №1 мыкты ун тартуучу жана кесме продукциясы» номинациясына татыды.

«Жыл тандоосу Кыргызстанда» жалпы улуттук фестивалынын уюштуруучусу «Социалдык жана маркетингдик изилдөөлөр агенттиги» аталган конкурс-фестивалды 14 жылдан бери өткөрүп келет. Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр төмөндөгүдөй жолдор менен аныкталат: ар бир номинация боюнча кесипкөй эксперттердин добуш берүүсү (атайын багыттагы адистер ар бир номинант тууралуу өзүнүн жеке пикирин билдиришет); көз каранды эмес консалтингдик, изилдөө  агенттиги жүргүзгөн сурамжылоо (долбоордун расмий аудитин уюштуруу комитетинин көз карандысыз аудитордук компания чогулган маалыматтардын баарын бирдиктүү бир салыштырма таблицага салып, жеңүүчүлөрдү аныкташат да, алардын тизмесин уюштуруу комитетине беришет).