«АЮ Холдинг» БАЭге суу жеткирүү тууралуу келишимге кол койду

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта курамына ашкана суусун жана улуттук суусундуктарды өндүргөн белгилүү «Артезиан» ишканасы кирген көп тармактуу «АЮ Холдинг» компаниясы тарабынан Перси булуңундагы өлкөлөргө бөтөлкөгө куюлган ашкана суусун экспорттоо боюнча активдүү иш-чаралар жүргүзүлүп келген.

Бул убакыт аралыгында «Артезиан» суусунун эксклюзивдүү дизайны иштелип чыкты, Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай жана Эль-Фуджейра шаарларында, ошондой эле Катардын лабороториядарында тиешелүү текшерүүдөн өттү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 23-ноябрда Эль-Фуджейра шаарында «Артезиан» жана «Мохамед АльМулла Дженерал Трейдинг Эст.» компанияларынын ортосунда «Артезиан» суусун БАЭ аркылуу Перси булуңундагы бардык өлкөлөргө – Оман, Катар, Сауд Аравиясы, Кувейт, Бахрейн, жеткирүү тууралуу келишимге кол коюлду. Жолугушууга «АльМулла» компаниясынын жогорку жетекчилиги жана «АЮ Холдинг» компаниясынын вице-президенти Б.Түлөбаевден тышкары Кыргыз Республикасынын БАЭдеги элчиси Чыңгыз Эшимбеков, Эль-Фуджейранын Соода-өндүрүш палатасынын председатели Халифа,Маттар Аль Кааби мырзалар да катышышты.

Кол коюу аземинен кийин «АЮ Холдинг» компаниясынын делегациясы Эмираттын мураскер принци, Улуу даражалуу Шейх Мухаммад бен Хамад Аль Шаркинин кабыл алуусуна чакырылды. Жолугушуу достук маанайда өттү. Кронпринц кыргызстандык конокторго кызматташтыгы үчүн ыраазычылыгын айтып, өз өлкөсү менен мындан аркы байланыштарды чыңдоодо жардамга даяр экендигин билдирди.

Мураскер принц буга чейин Кыргыз Республикасына келип, Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан.

https://twitter.com/alfujairahdaily/status/933623350735360000