«Артезиан» мамлекеттик сыйлыкка татыды

«Артезиан» компаниясы өлкөнүн тамак-аш жана кайра иштетүү өндүрүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасына татыды.

«Артезиан» компаниясы 2003-жылы негизделген, «Артезиан» табигый тамак-аш суусун, «Тан», «Аршан» жана «Чалап» улуттук суусундуктарын, чечил ышталган быштагын, натуралдык квас жана башка суусундуктарды өндүрөт.

«Артезиан» компаниясынын миссиясы – адамзаттын физикалык саламаттыгын жогорку деңгээлде сактоо жана туура тамактанууга багытталган жогорку сапаттагы табигый азыктарды өндүрүү.

Бүгүнкү күнгө чейин «Артезиан» компаниясы заманбап жаңы технологиялардын жана ата-бабалардан калган рецептин айкалыштыруу менен өз баалуулуктарын сактап келе жатат. Ишкана жогорку сапаттагы продукцияларды туруктуу өндүрүп жетишкен көрсөткүчтөрү аркылуу Кыргыз Республикасынын бир катар сыйлык, медаль, дипломдоруна татыган.

Ошондой эле компания өлкөбүздүн ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.

Үстүбүздөгү жылы Перс булуңундагы БАЭ, Катар, Оман сыяктуу өлкөлөр менен байланыштарын чыңдады. Жакынкы пландарда аталган өлкөлөргө суу өндүрүп, экпорт жасоо турат. Мындай максат үчүн заводдо жаңы өндүрүм линиясы орнотулду. «Артезиан» суусу БАЭ менен Катардын эң мыкты мамлекеттик лабороторияларынын изилдөөсүнөн өттү.