«Артезиан» суусу Дубайда

«Артезиан» ЖЧКсы Дубай шаардык муниципалитетинин тапшырыгы менен аталган шаардын Борбордук лабороториясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгын алды. Ага ылайык, «Артезиан» суусу талап кылынган стандарттарга толук жооп берет.

«Артезиан» заводунда дүйнөлүк талаптарга жооп берген жаңы линиялар орнотулуп жатат. Өндүрүлгөн продукциянын сырткы дизайны да өзгөртүлөт.

Эскерте кетсек, июнь айында «Артезиан» суусу Катардын Доха шаарында лабороториялык текшерүүдөн өтүп, Катар компанияларынын өкүлдөрү тарабынан жактырылган эле.

Эки тараптын пландарына ылайык, сентябрь айында Перс булуңундагы БАЭ, Катар жана Оман өлкөлөрүнө суу жеткириле баштайт.