«АЮнун» кезектеги медалы

«АЮ» спорткомплексинин тарбиялануучусу Кенжебек уулу Акбар Финляндияда өткөн эркин күрөш боюнча дүйнөлүк жаштар чемпионатынын коло медалына арзыды. Кенжебек уулу Акбар Тампере шаарында 50 кг чейинки салмак категориясында Канада жана Россиянын балбандарын артка калтырды.

Акбар аталган спорт комплекске 2010-жылы 11 жашында келген. Анын машыктыруучусу Нурдин Донбаев. Фин өлкөсүнөн уткан медаль алардын экинчи сыйлыгы. Акбар алгачкы медалын 2016-жылы Тайбэйде (Кытай) өткөн Азия жаштар чемпионатында уткан.

«АЮ» спорткомплексинде 50дөн ашуун спортчу машыгат, алардын арасында эл аралык турнирлерге бир нече жолу катышып, мыкты көрсөткүчтөргө жетишкендер арбын. Командалаштардын ийгиликтери спортчуларга стимул болуу менен гана чектелбестен, башка балдардын да спорт менен машыгуусуна мотивация болуп берет.

«АЮ» спорткомплекси 2010-жылы Сокулук айылында «АЮ Холдингдин» кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар үчүн ачылган. Спорткомплексте мини футбол, баскетбол, волейбол, күрөш, бокс жана машыгуучу залдар бар.