“Аю Холдинг” “Экономикалык жибек жолун өнүктүрүү – кызматташтыктыкты интенсификациялоо” эл аралык форумуна катышты

25-апрелде КР Президентинин №1 мамлекеттик резиденциясында “Экономикалык жибек жолун өнүктүрүү – кызматташтыктыкты интенсификациялоо” эл аралык форуму болуп өттү.

Форумга ЕАЭБ, КМШ өлкөлөрүнөн, Кытай, Түркия, Түштүк Корея, Сауд Аравия, Иран сыяктуу 20дан ашуун өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү чакырылган. Форумдун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө.

Форум “Жибек жолунун экономикалык алкагы” долбоорунун перспективасын талкуулоого, институттарды түзүүгө жана аны өнүктүрүүгө, ошондой эле “Жибек жолунун экономикалык алкагы” долбоорун ишке ашыруу алкагында ишкер чөйрө менен бизнестин катышуусу жана ролун аныктоого арналган. Ошондой эле электрондук соода, транспорт жана соода коридорлорун түзүү жана башка көптөгөн маселелер каралат.

Форумдун жүрүшүндө бийлик жана экономиканын реалдуу секторунун өкүлдөрүнө ЕАЭБ долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча эффективдүү сунуштарды иштеп чыгууга жана талкуулоого бир катар мүмкүнчүлүктөр ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн Кытай менен тыгыз алакасын эске алуу менен берилет.