Шаршенбек Абдыкеримов Казакстан Республикасынын УОКунун 25 жылдыгына карата юбилейлик медалы менен сыйланды

2017-жылдын 17-мартында Астана шаарындагы Тынчтык жана Ынтымак сарайында Казакстан Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин 25 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу кече болуп өттү.

Казакстандын спорттук коомчулугун куттуктоо үчүн эл аралык Олимпиада уюмдарынын лидерлери, алардын арасында КР Улуттук Олимпиада комитетинин  президенти Шаршенбек Абдыкеримов да келишти. Салтанаттуу иш-чарада Шаршенбек Абдыкеримовго Казакстан Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин башчысы Тимур Кулибаев юбилейлик медаль тапшырды.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн олимпиада комитеттеринин кызматташуу маселелери, курама командалар ортосунда тажрыйба алмашуу жана мындан аркы эки тараптуу мамилелер туурасында пикир алмашышты.

Аталган иш-чарага ошондой эле Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев,  Улуттук Олимпиада комитеттеринин Ассоциациясынын (АНОК) жана Азиянын Олимпиада кеңешинин башчысы Шейх Ахмад Аль-Фахад Аль Сабах да катышышты.

Маалымат үчүн: Шаршенбек Абдыкеримов Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти болуп алгач 2015-жылдын май айында шайланган, 2017-жылдын январь айында экинчи мөөнөткө кайрадан шайланды.