Президенттен ыраазычылык

2016-жыл II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун өткөрүлүүсү менен эсте калды. Аталган этно-фестивалдын арты менен Кыргызстанга миңдеген туристтер келди, биздин өлкө тууралуу дүйнөнүн ондогон мамлекеттери кеңири маалымат алышты. 

Конокторду татыктуу тосуп алуу жана Оюндары жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бүтүндөй өлкө бир күчкө биригишти.

“Аю Холдинг” компаниясы да даярдык иштерине активдүү катышты: чоң суммадагы акча бөлүндү, курамында 800-1000 киши болгон бийчилер тобу бир канча айлык репетиция учурунда күнүгө  "Артезиан" табигый ашкана суусу менен камсыздалды. "Артезиан" компаниясынын бардык продукциясы – улуттук жана салкындатуучу суусундуктар, табигый ашкана суусу Дүйнөлүк көчмөндөр Оюндарынынын стилинде жасалгаланды. Муну менен мындай чоң иш-чаранын арбою артты, коомчулукка кеңири жайылуусуна көмөкчү болду. 

10-мартта №1 “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары боюнча жыйынтыгы боюнча салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Премьер-министр жана КР Президентинин аппарат жетекчиси КР Өкмөтүнүн жана Президенттин атынан уюштуруучуларга, демөөрчүлөргө жана ММК өкүлдөрүнө ардак грамоталарды тапшырды. 

"Аю Холдингдин" вице-президенти  Түлөбаев Б.З. аталган иш-чарага катышып, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун колунан КР Президентинин ыраазылык катын алды.