Аю Холдинг чакырат...

28-февралда Токиодо Орто Азия чөлкөмүндөгү беш өлкөнүн – Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Япониянын өкүлдөрүнөн турган делегация өндүрүш, соода жана инвестиция, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана логистика жана башка бир катар тармактар боюнча өз ара кызматташуу перспективаларын талкуулашты.

Уюштуруучулардын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасын экономика тармагындагы белгилүү эксперт,  “Аю Гарант” камсыздандыруу компаниясынын директору Максатбек Ишенбаев тааныштырды.

Өз сөзүндө М.Ишенбаев инвесторлор  үчүн пайдалуу болгон иш шарттарын так аныктоо менен өлкөдөгү инвестициялык климат тууралуу толук картинаны ачып берди. Ошондой эле ал Япония үчүн кызыктуу болгон өндүрүш жана кызмат көрсөтүү секторлоруна акцент коюу менен “Аю Холдинг” тууралуу презентация жасады. Диалогдун катышуучулары холдингдин флагмандары Аю жана Артезиан, пахтаны кайра иштетүүчү ири CTF, сыра жана суусундук өндүрүүчү ISO сертификатынын ээси Bear Beer, Аю КурулушАю Гранд КомфортАю Фарм жана Аю Медикал, Аю Гарант өлкөдөгү эң ири уставдык капиталга ээ камсыздандыруу компаниясы, Аю Финанс микрофинанс компаниясы жана Аю Лизинг жаңы лизингдик компаниясы тууралуу маалымат алышты. Спикер ошондой эле 2014-жылы түзүлгөндөн тарта Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүүсүнө жана модернизацияланышына ар тараптуу көмөк көрсөтүп келе жаткан Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишине да токтолду. 

Ишенбаевдин сөзү бир катар япон компанияларынын кызыгуусун жаратты. Эркин талкуу учурунда кызматташуу тууралуу бир катар алдын ала макулдашууларга жетишилди. Япониянын ишкерлери “Аю Холдинг” алар үчүн Кыргызстандын бренди, өлкө экономикасынын ар тараптуу жана өсүп келе жаткан экономикасынын көрсөткүчү болуп калгандыгын белгилешти.