"АЮнун" алтын медалы.

2017-жылдын 6-10-февраль күндөрү Москва шаарында азык-түлүк тармагындагы ар жылы өтүүчү абройлуу иш чара болгон, Россия жана Чыгыш Европа аймагындагы ири деп эсептелген Продэкспо эл аралык форуму болуп өттү. Бул көргөзмө РФ айыл чарма министрлиги жана Москва өкмөтүнүн колдоосу астында өтөт.

Продэкспонун 27 тематикалык көргөзмө салону россиялык жана чет өлкөлүк азык-түлүктүн жана суусундуктардын бардык түрлөрүн коомчулуктун сыноосуна коет. Көргөзмөнүн чет өлкөлүк бөлүгү жалпысынан 700дөн ашуун фирманын продукциясы менен тааныштырды. “Продэкспо-2016” көргөзмөсү 100 000 кв/м аянтты ээледи. Россия тараптан бул көргөзмөдө 1424 компания катышты. 

               

Көргөзмөнүн алкагында Жалпы россиялык АлкоКонгресс, Жалпы россиялык соода форуму, ритейлерлер жана өндүрүшчүлөр форуму, Жалпы россиялык азык-түлүк форуму өткөрүлүүдө.

“Аю” холдинги бул көргөзмөдө алгачкы жолу экспонент катары катышып, "Малевич", "Кыргызстан", "Шпилька", "Кыргыз Арагы", "Кыргызстан" коньягы сыяктуу бир катар алкоголдук ичимдиктерин, "Артезиан" (суу жана улуттук суусундуктар), "Голден Сан" (табигый ширелер жана шербеттер) жана BearBeer (сыра жана салкындатуучу суусундуктар) продукцияларын кардарлардын назарына сунду.

Көргөзмө учурунда бир катар кадыр-барктуу профессиналдуу конкурстар өткөрүлдү: “Мыкты продукт”, “Продэкспонун инновациялык продукту”, “Тармактардын тандоосу” жана ПродЭкстраПак”  азык-түлүк продукциясы үчүн мыкты таңгак куту жана энбелги боюнча эл аралык конкурс ж.б.

“Малевич”, “Кыргызстан Premium” арактары жабык дегустация методу менен  атайы кесипкөй комиссия тарабынан баалануучу “Мыкты продукт” конкурсуна катышып, аталган соода маркалары алтын медалдын ээси болушту.

“Аю”  компаниясынын технологунун айтымында, мындай жогорку баа "Аю Холдингдин" "ТокмокБуллс" өздүк спирт заводунан чыккан жогорку сапаттагы “Альфа” спиртинин жана уникалдуу курамга ээ болгон өзүбүздүн артезиан суубуздун сапаты менен шартталган.