"Аю Гранд Комфорт" соода борбору уникалдуу ретро автоунаа утушка коет

21-январда “Аю Гранд Комфорт” соода борборунда "Волга ГАЗ-21 Победа" уникалдуу ретроавтомобилинин утуш оюнун өткөрөт. Автомобилдин ички салону менен кошо техникалык бөлүктөрү да толук заманбап кароодон өткөн жана колдонууга даяр. Утуш оюндарына 1000 сомдон жогору соода жасап, чекти утуш оюнунун купондоруна алмаштырган соода борборунун бардык кардарлары катыша алышат. Мындай өзгөчө утушка ээ болууну каалагандардын саны 4000ден ашты.  

21-январда саат 14.00дө "Аю Гранд Комфорт" бардык катышуучуларын жана башка конокторду майрамдык утуш оюнуна чакырат. Иш-чаранын программасында бир катар көңүл ачуучу программалар, башка баалуу белектерди ойнотуу жана "Bear Beer" заводунун жаңы продукциясынын презентациясы бар.