"Кыргыз Арагы" лидерлигин дагы бир ирет тастыктады.

Популярдуу "Ногеса Кыргызстан" журналы бир нече жылдан бери "HoReCa тандоосу" сыйлыгын уюштуруп келет. Бул сыйлыктын максаты - ресторан жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү болуп саналат. Керектөөчүлөрдүн рейтинги жана эксперттердин койгон баасынын жыйынтыгы менен сыйлык Бишкек жана Кыргызстандын башка шаарларындагы мыкты отелдер менен коомдук тамактануучу жайларга берилет. «HoReCa тандоосу 2016» сыйлыгынын финалисттери коомдук тамактануучу жайлардын кардарлары тарабынан интернет добуштары аркылуу аныкталып, ал эми жеңүүчүлөрдү курамында 40 адамдан турган эксперттик комиссия тандайт.

Мыкты отель, коомдук жайлардан тышкары керектоочулордун жана эксперттердин жогорку баасына татыган соода маркалары да жыл сайын уюштуруучулар тарабынан сыйлыкка татышат.

"Сатык лидери" номинациясы боюнча "Кыргыз Арагы" соода маркасы оз сыйлыгын татыктуу алды.

"Аю" компаниясынын продуктусунун сапатын "Ногеса" сыйлыгы дагы бир жолу далилдеди. "Кыргыз Арагы" лидерлик ордун мына, 7 жылдан бери сактап келе жатат! Бул продукт биринчи адамдарынын столундагы гана эмес, кадимки кыргызстандыктардын да майрамдык дасторконундагы алмашкыс атрибутка айланды. Бул созсуз эле чет жерден алынып келинген же ото кымбат продукту гана чыныгы сапаттуу боло бербейт дегендин далили.

Сапаттуу продуктунун негизин суу тузөт, ал эми биздин өлкөнүн суусунун сапаты шек жаратпайт.

Так ушул суунун, заманбап технологиялардын жана так белгиленген рецепттердин аркасы менен "Аю" компаниясынын продукциялары ата-мекендик жана эл аралык сыйлыктар, медалдар менен дайыма сыйланып келет.