“Винодел” компаниясы Кыргызстанда биринчи жолу “Archifest - 2016” жаш шарап фестивалын өткөрдү

25-сентябрда жүздөгөн ар кандай кесип ээлерин бир аянтчага чогулткан “ARCHIFEST-2016” фестивалы болуп өттү. Фестиваль катышуучуларынын арасында шарап чыгарган кесипкөй эксперттер, импортерлор, дистрибьюторлор, сомолье, рестораторлор, мейманкана бизнесинин ээлери, шарап сынчылары жана эксперттер, мамлекеттик струтура жана коммерциялык эмес уюмдардын кызматкерлери болду. ARCHIFEST өзүнүн масштабдуулугу жана көрүнүктүүлүгү, идеясы менен айырмаланган эң алгачкы фестиваль боло алды. ММК, HoReCa и ритейл тармагынын жана дипмиссия өкүлдөрү, туристтер жана чет өлкөлүк коноктор буга чейин бир да жолу Бишкектен 30 км алыстыктагы Виноградное айылына "Винодел" компаниясы менен таанышып, КРде жүзүм бактардын кайрадан жанданышын көрүүгө чогулган эмес. 

Фестивалдын башкы максаты – биздин өлкөнүн бир кездеги жүзүм өстүрүүчүлүк атак-даңкын жандандыруу, колдо болгон потенциалын көрсөтүү, өлкөнүн айыл чарбасын жаңы деңгээлге көтөрүү. ARCHIFEST фестивалы көптөгөн керектөөчүлөр үчүн өзгөчө ликбез боло алды. Алар түшүмдү өз колдору менен жыйнап, өндүрүштүн толук процесси менен таанышып, кызыктырган сууроолоруна жооп алуу менен жергиликтүү продукциянын нукуралыгына ынана алышты. 

Аталган иш-чара шарап маданиятынын мыкты салттарын улай, жыл сайын өткөрүлүүчү жана күз мезгилинин эсте калаарлык окуясы болууну максат кылат. Муну менен бирге шарап жасоонун бир кездеги болгон даңкын жандандыруу, тармактын өнүгүүсүнө көмөкчү болуу менен бирге Кыргызстандын экспортко багыт алуучулугун дүйнөлүк аренага чыгарууну көздөйт.