”КАЗГРЕЙН” КОМПАНИЯСЫ АФГАНИСТАН ЖАНА БАЭ ӨЛКӨЛӨРҮНӨ ПРОДУКЦИЯСЫН ЭКСПОРТОО ТУУРАЛУУ КЕЛИШИМ ТҮЗДҮ

Сентябрь айында “КазГрейн” компаниясына (“Алия” СМ) бир катар Азия өлкөлөрүндө ишкерлик кылган афганистандык ишкер Жасим Жан Ага келген. Жолугушуулардын жыйынтыгында “Алия” унун жана кесме азыктарын Афганистанга жана БАЭ өлкөсүнө жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду.

Заводдун иш принциби жана өндүрүлгөн продукция ишкердин купулуна толду. Мындай келишимге жетишүүгө “КазГрейндин” ISO 9001:2008 сертификатына ээ экендиги да чоң роль ойноду. Жакында эле ишкана “Халал” сертификатына да ээ болду. Бул сертификат өндүрүлгөн продукция мусулман салтына ылайык, Исламда тыюу салынган компоненттердин тыш экендигине кепилдик берет. Аталган өлкөлөрдүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, “КазГрейн” компаниясы керектөөчүлөрдүн жана мыйзамда көрсөтүлгөн бардык талаптарга жооп берет, ошондой эле ал рынокто мурда болгон бренддер менен татыктуу атаандаша алат.

Буга чейин өткөрүлгөн 22-эл аралык “Бишкек-2014” көргөзмө-жарманкесинде “Алия” уну жана кесмелери алтын медалга ээ болгон эле. Ишканада өндүрүлгөн продукциянын сапатын жакшыртуу жаатында иштер тынымсыз жүрүп келет. “Алия” компаниясы мындан ары да жогорку көрсөткүчтөргө умтулуусун токтотпойт.