Шаршенбек Абдыкеримов Олимпиадалык оюндардын байге алуучуларына батирлерди жана авто унааларды белек кылат.

  

"АЮ" Холдингинин негиздөөчүсү, ошондой эле Улуттук олимпиада комитетинин президенти жана Спорттук күрөш федерациясынын президенти   Шаршенбек Абдыкеримов спортчулардын талыкпас эмгегин жана машыктуруучулардын сиңирген эмгектерин жакшы билет. Дайыма спортчуларга жана жана алардын устаттарына моралдык жактан, ошондой эле татыктуу материалдык колдоо көрсөтүп турат.

Олимпиадалык оюндун алдында Шаршенбек Шайлообекович биздин жеңүүчүлөр үчүн байге негиздеген: биринчи орун үчүн спортчулар жаңы "Тойота-Прадо" авто унаасын, экинчи орун үчүн "Тойота-Камри" жана үчүнчү орун үчүн "Тойоту-Королла" алышат. Ошондой эле ал, көпчүлүк убакта машыктуруучуларга  көңүл бурулбай көмүскөдө калышат, «күнү да түнү да алар спортчулдар менен болгонуна карабастан» деп кошумчалап кетти. Ошондуктан дагы  батир катарында байге негизделди  - алтын медаль үчүн үч бөлмөлүү, эки бөлмөлүү – экинчи орун үчүн жана коло үчүн – бир бөлмөлүү.