"ЭлСүт" соода маркасынын жардамы менен жаш шахматчы Азия чемпионатына катышмакчы.

9-18 июлда Иран өлкөсүнүн Тегеран шаарында Азия ачык чемпионаты болуп өтмөкчү.  Бул оюндарга Ирандын шахмат Федерациясы жана Буткул дүйнөлүк шахмат Федерациясы (ФИДЕ) жаш оюнчу Мирлан кызы Азалияны чакырышкан.

10 жаштагы Азалия бүгүнкү күнгө чон мактанаарлык жетишкендиктерге ээ. Биринчи жолу 6 жашында Челябинск шаарында өткөрүлгөн "Челябинск областынын губернаторунун Кубогуна" катышып, турнирдин эн кенжеси экенине карабай, 7-жаштагы балдардын арасында 1-орун алган да, өзгөчө белек менен сыйланган.  Азыр Азалия Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, эки жолку Дүйнонүн биринчилигине, үч жолу Азиянын биринчилигине катышты, 2-жолу Президенттин Кубогун уткан.

"Азалия - таланттуу, келечеги абдан кен, биздин Кыргызстандын туусун желбирете турган кыздардан. Акча каражаты боюнча эгерде атайын козомолго алынса, коп турнирлерге бара алмакбыз. "ЭлСүт" биздин суранычыбызды аткарып атат. Чон рахмат! Биз оз күчүбүзго ишенебиз, женишке гана умтулабыз", - деди өз сөзүндө тренер Бактыгуль Тиленбаева эжекебиз.