“КАЗГРЕЙН” КОМПАНИЯСЫ (“АЛИЯ” СМ) ISO 9001 СЕРТИФИКАТЫНА ЭЭ БОЛДУ

“Казгрейн” компаниясы атамекендик ун тартууучу компаниялар арасында биринчилерден болуп сапат менеджменти системасынын сертификациясынан өттү жана ISO 9001:2008 эл аралык сапат стандарттарынын талаптарына ылайык келээрин тастыктады.  

ISO 9001 стандарт талаптарына ылайык иштелип чыккан башкаруу системасы эл аралык компанияларда жана көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө массалык түрдө колдонулуп келет. Аталган сертификациядан өткөндүгү тууралуу бир нече атамекендик ишканалар да билдирип келишет, анткени учурда биздин эле эмес, эл аралык рынокто да мындай заманбап башкаруу системасынын болушу өтө зарыл.

ИСО эл аралык стандарты бул сертификациядан өткөн компания тарабынан өндүрүлгөн продукция жана көрсөтүлгөн кызматтар коопсуз, ишенимдүү жана сапаттуу экендигине кепилдик берет.

“КазГрейн” компаниясынын сапаттуу башкаруу системасынын эл аралык стандарттарына дал келүүсү Италия рыногунда продукцияларды сертификациялоону баалоо тармагынын лидери болгон ICIM S.p.A. компаниясы тарабынан тастыкталды. ICIM S.p.A. экономиканын бардык тармактарында ар кандай көлөмдөгү компаниялар үчүн компетентүү жана көз карандысыз өнөктөш болуп эсептелет. Аталган компания 100 тастыкталган техникалык жана тармактык стандарттар боюнча нормага ылайык, башкаруу жана иш процессинин системасына объективдүү балоо жүргүзөт. ICIM S.p.A компаниялардын узак мөөнөттүү ийгилигин үзгүлтүксүз баалоо башкаруу системасы жана бизнес-процесстер аркылуу камсыз кылат.

“Казгрейн” ун тарттыруучу комбинаты өз ишин 2012-жылдын декабрында баштаган. ALAPALA түрк фирмасынын ун тартуучу жабдыктары менен “Алия” соода маркасынын астында 1-2-сорттогу ундарды чыгарат.

Үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта “КазГрейн” “Алия“ кесме комплексине ээ болду. Ишкана BUHLER швейцариялык заманбап жабдуулары менен жабдылган жана учурда кесменин 5 түрүн чыгарат. Кесмелер мамлекеттик стандарттарга ылайык келген буудайдын катуу сортторунан алынган табигый даяр продуктулардан (100% акталган таруу) жасалат. 

Компаниянын башкы миссиясы – Кыргызстандын калкын сапаттуу, дени сак жана экологиялык жактан таза продукция менен камсыздоо.

Өзүнүн өзгөчө сапатына ылайык “Алия” соода маркасынын продукциясы эл арасында зор популярдуулукка ээ болду. Сапат сертификациясына ээ болушу – “КазГрейн” компаниясынын өз принциптерине кынтыксыз ишенимдүү экендигин жана туура жолдо бараткандыгын айгинелейт.

ISO 9001:2008 сапат сертификаты калың калктын ишенимине ээ болуу менен гана чектелип калбастан, кыргыз продуктусунун эл аралык рынокко чыгышына да мүмкүнчүлүк берет.