«CTF» КОМПАНИЯСЫ АЛТЫН МЕДАЛ УТУП АЛГАН СПОРТСМЕНГЕ 50 МИН СОМ ТАПШЫРДЫ

COTTON TEXTILE FACTORY» (Коттон-Текстиль Фэктори) компаниясынын директору  Алмаз Бакчеков Россияда өткөн кикбоксинг боюнча дүйнө кубогунда алтын медаль уткан Сыргак Сагымбай уулуна 50 миң сом тапшырды.

Аталган дүйнөлүк спорттук жарыш 23-28-сентрябрь күндөрү Анапада (РФ) Кыргызстандын 25 спортчусунун катышуусунда өтүп, анда кыргызстандыктар ар кандай 16 абройлуу медалдын ээси болушту.

 Ош шаарындагы “Таймаш” спорт клубунун өкүлү С.Сагымбай уулу спорттук таймаштын чоңдор арасында лоу-кик бөлүгүндө күрөшкө катышты.

“Биздин балдардын талыкпас эмгеги жана мыкты жыйынтыктарга жетишкендиктери менен сймыктанабыз жана терең ыраазычылык билдиребиз”, - деп белгиледи А.Бакчеков.

Маалымат үчүн: “COTTON TEXTILE FACTORY” ААКсы — Кыргызстандагы пахтаны кайра иштетүүчү эң ири айыл чарба ишканасы болуп саналат.

“CTF” ААКсы пахта сырьесун кайра иштетүү менен алектенет. Бул уникалдуу, калдыксыз өндүрүш, башкача айтканда, бир эле сырьедон пахта майы, шрот (малга берчү азык), линт, төшөнчү үчүн пахта, кир самын жана пахта буласы сыяктуу даяр продукциянын бир нече түрү чыгат.

 “CTF” ААКсы пахта буласын Түркия жана Росиияга экспорттойт.