“АЮ ГРУПП” ХОЛДИНГИ “САЛАМ, НЬЮ-ЙОРК” ТАСМАСЫНЫН РЕЖИССЕРУНА ГОЛЛИВУДДУН МЫКТЫ КИНОМЕКТЕБИНЕ ОКУУСУ ҮЧҮН ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

Руслан Акун ким экендигин Кыргызстандын бардык жаштары билет. Кыргызстандыктарга “Салам, Нью-Йорк”, “Бишкек, мен сени сүйөм” аттуу тасмаларды тартуулаган режиссердун атын биздин жаштар ийгиликтин, суроо-талаптын синоними  катары кабыл алышат. Эгерде афишада режиссер катары Руслан Акун көрсөтүлгөн болсо, кинотеатрдын залы жыкжыйма толоорун бөркүңүздөй көрүңүз.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында режиссер Руслан Акун Түштүк Калифорния университетинин алдындагы дүйнөгө белгилүү Киноискусство мектебинин тандоо турунан өткөндүгү тууралуу жагымдуу кабар келген.

Бул - америкалык кинематографиянын татыктуу кадрларынын уясы катары дүйнөдө өз позициясын активдүү бекемдеп келе жаткан мектеп. Абройлуу The Hollywood Reporter басылмасынын рейтинги боюнча, аталган мектеп дүйнөдөгү мыкты киномектептер арасында биринчи орунда турат. Түштүк Калифорния университетинин алдындагы дүйнөгө белгилүү Киноискусство мектеби жогорку класстагы кесипкөй кадрларды гана даярдап тим калбастан, өзүнүн бүтүрүүчүлөрүн чоң кино дүйнөсүнө жолдомо менен да камсыздайт.

Аталган мектептин дүйнөгө аты белгилүү бүтүрүүчүлөрүнүн ысымдары:

Режиссерлор Джордж Лукас («Звездные войны») и Рон Ховард  («Игры разума»), продюсер Джон Ландау («Титаник», «Аватар»).

Бул окуу жайга өтүү үчүн англис тилин жетиштүү деңгээлде билүү жана жалпы билим тууралуу тесттен тышкары портфолио (кино тууралуу сын макала, өзү тарткан тасмалардан үзүндү) жана үчтөн кем эмес сунуштама талап кылынат.

Руслан Акун олуттуу профессионал тандоодон өтүү менен гана чектелбестен, азыркы учурга карата КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бул киномектепке окуу мүмкүнчүлүгүн алган эң алгачкы жана жападан жалгыз талапкер да болуп калды.

Мындай кадыр-барктуу окуу жайда окуу аз эмес акча турат. Ошондуктан, таланттуу жаштарды алдыңкы компания жана меценаттардын колдоого алуусу өтө маанилүү. 

Улуттук маданиятты өнүктүрүү, салттарыбызды сактоо, жаңы идеялардын жаралышына шарт түзүү жана ал идеялардын татыктуу ишке ашышына шарт түзүү зарыл.

Мындай колдоону Кыргызстандагы эң ири жана белгилүү холдинг “АЮ Групп” жасады. Холдинг жетекчилиги режиссер менен жолугуп, окуусуна ийгилик каалоо менен Руслан Акун мекенине кайтып келгенден кийин анын жетекчилиги астында кыргыз кинематографиясынын алкагында гана эмес, дүйнөлүк масштабда мыкты тасмалар тартылаарына үмүт байлаарын билдирди.

Өз учурунда режиссер да “АЮ групп” компаниясынын жетекчилигине, тактап айтканда, ишеним артып, колдоо көрсөткөн Шаршенбек Абдыкеримовго тереңң ыраазылык билдирди.

Руслан Акун окуусуна август айынын аягында киришет.