Биз жөнүндө

         «АЮ Холдинг» – ири көп функционалдуу компаниясы. Ишинин негизги багыты  юридикалык, каржылоо жана башка тейлөө чөйрөсүндө, экономиканын өндүрүш, агрардык өнөр жай жана курулуш секторлорунда, ошондой эле соода жана сатуу  чөйрөсүндө топтолгон.

Бүгүнкү күндө «АЮ Холдинг» - абдан ийгиликтүү жана белгилүү болгон брендтердин бири. Алгачкы күндөн баштап  башында турган бардык элдин умтулуусу лидерликке жана заманбап жабдуулары менен болгон эң алдыңкы өндүрүштү курууга  жана жаңы технологияларды киргизүүгө багытталган эле. Компаниянын фирмалык стилин  жана жарнаманын концепциясын иштеп чыгууга багытталган аракеттер, «АЮ Холдинг» азыркы болгон зор ийгиликке жетишүүсүнө мүмкүн болду.

  «АЮ Холдинг» региондун экономикасына,андан кийин бүткүл өлкөнүн экономикасына оң таасир берди. Ал көп элге жардам берди. Дайыма продукциянын мыктысына жана жогорку сапатына умтулуу -   өзү киргизген салтты колдогон бул он жыл компаниянын тарыхынын  кызыктуу бөлүмүн түздү. Он жыл бир дем менен өтүп кетти. «АЮ Групп» артына кылчактап караса сыймыктана турганы бар: улуттук жана эл аралык таану, географиясын кеңейтүү, компаниянын өсүшү жана өнүгүшү. Мындан артык   эмне керек эле. Бирок «АЮ Холдинг» эч качан бул жетишкендик менен токтолбойт. Алдыда жаңы бийиктиктер жана чечкиндүү пландар.

  Вазыйпасы

«АЮ Холдинг" ассоциациясы Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнүн кызыкчыгылыгында,  компанияларды андан ары өстурүү үчүн бириктирет.

 Стратегиялык максаттар

  • Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу алдыңкы агрардык өнөр жай комплексин түзүү;
  • Регионалдык жана чет өлкөлүк рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү болгон продукцияны сата ала турган финансалык туруктуу өнөр жай ишканаларынын комплексин түзүү;
  • Курулуш комплексинде лидерликке жетишүү,регионалдык деңгээлде абалын бекитүү;
  • Регионалдык жана чет өлкөлүк деңгээлде чекене соода тармактарын түзүү;
  • Ишмердүүлүктүн жаңы жогорку технологиялык тармагындагы чекти кеңейтүү максатында Холдингтин инвестициялык портфелин оптимизациялоо

 

​​​ ​​

​​