События компании

Жаӊы жылыӊыздар менен!

Жаӊы жылыӊыздар менен!
31 Декабря 2019
Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди өзүмдүн жана «АЮ Холдинг» компаниясынын атынан Жаӊы 2020 - жылыӊыздар менен куттуктайм!
Жыл тогошуп жаткан маалда ар бирибиздин тилеген тилектерибиз, койгон пландарыбыз, аруу үмүттөрүбүз ар кыл. Ага карабай Алла Таала баарыбызга өз мээримин чачып, берекесин төгүп, ырыскыбызды берээрине ишенели. Эмгек адамды жаӊыртат, жакшыга жанаштырып, мыктыны асыл кылат. Бирди экиге, экини түмөнгө улайт. Ошол эмгегибиздин акыбети кайтсын!

«Кыргызстан» деген куттуу, сыйкырдуу, сулуу, керемет алтын бешигибизди Кудай сактап, жергебизде тынчтыктын обону ойноп, бакубаттыктын сайраны сүрсүн! Ушул жерди жердеген эмгекчил, билимдүү, чыдамкай элибизге береке-кут берип, баар табалы!

Кыргызстаныбыз гүлдөгөн, алдыӊкы мамлекеттердин катарына кошулуп, зоболосу артып, желеги бийикте желбиресин!

Урматтуу кыргызстандыктар! Ар бириӊиздердин үй-бүлөӊүздөргө бакыт-таалай, берекелүү дасторкон, даӊазалуу жетишкендиктерди каалайм! Ден соолукта болуӊуздар!

Жаӊы жылыӊыздар менен!

Урматым менен,
Шаршенбек Абдыкеримов,
«АЮ Холдинг» компаниясынын Президенти