События компании

"Бажарики 3" фильминин жабык тушоо кесүүсү өттү

"Бажарики 3" фильминин жабык тушоо кесүүсү өттү
27 Ноября 2019

"Бажарики 3" фильминин жабык тушоо кесүүсү өттү

      "АЮ Холдинг" компаниясынын президенти жана негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун демилгеси менен «Бажарики 3» фильми эфирге чыкты.

      Фильмдин башкы режиссеру Амантур Ормуков. Жанры – комедия. Узактыгы – 120 минут. Актердук состав: Жамиля Сыдыкбаева, Жоробек Аралбаев, Атай Өмүрбеков, Шумкарбек Бейшеналиев, Максат Үсөнов, Улан Джумабаев, Улан Барпиев, Радик Эшимов.

Фильмдин мотиви боюнча кайын ата анализ тапшырган маалда ооруканадан анын анализи алмашып кетет. Доктурлар анын жакын арада каза болоорун анын аялына – кайын энесине айтат. Кайын эне өзүнүн 5 күйөө балдарына бүгүн-эртеӊ каза болот деп турган кайын атаны акыркы сапарга узатууга камынууну тапшырат. Бажалар Кемин районун Ак-Түз айылына барышып, көптөгөн күлкүлүү окуяларга туш болушат.

Фильмдин тушоо кесүүсү – жабык көргөзүү Бишкек шаарындагы «Космопарк» кинотеатрында 27-ноябрда өттү. Фильмдин авторлору, актердук состав колдоо көргөзгөнү үчүн «АЮ Холдинг» компаниясын, анын жетекчиси Ш.Абыдкеримовго ыраачылык билдиришти.

Галерея